Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:31

Венеция комиссиясы Башмыйзамдын жаңы долбооруна оң баа берди


Бул тууралуу “Жарандардын конституциялык реформага катышы” аттуу тегерек стол үстүндөгү талкууда белгилүү болду. Иш-чара уюштуруучулары европалык эксперттердин бул тууралуу жыйынтыгын ММК өкүлдөрүнө таратышты. “Баш мыйзамдын жаңы долбоору мактоого арзыйт. Борбор Азияда биринчи жолу парламенттик башкаруу формасы сунушталып жатат. Президенттик башкаруу Кыргызстандын тажрыйбасы көрсөткөндөй авторитардык башкарууга өтүп кете алаарын көрсөттү” – деп айтылат ал документте. Анда Кыргызстандагы күчтүү жарандык коом парламенттик башкарууда демократиялык өнүгүү үчүн негиз болуп бере алаары да белгиленген. Венеция комиссиясы жаңы Башмыйзамда бийлик бутактарынын ыйгарым укуктары тең салмактуу бөлүштүрүлгөн, адам укуктары тууралуу бөлүмү да ийгиликтүү иштелип чыккан деген баасын берген. (EK)

XS
SM
MD
LG