Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:28

Баткен: Сох анклавындагы жол убактылуу ачылды


Бул тууралуу облустук акимчиликтин укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнөн бүгүн «Азаттыкка» билдиришти. Маалыматка караганда, Өзбекстандын Сох анклавы аркылуу кыргыз жарандары үчүн транзиттик каттам 3 күнгө, референдумга байланыштуу ачылды. Бирок бул жол аркылуу кыргыз жарандары жакынкы үч күн ичинде күндүзү гана каттай алышат. Референдум өткөндөн кийин транзиттик каттам кайра жабылат.

Оштогу тополоң башталган 11-июндан тарта Өзбекстан кыргыз жарандарынын Сохтон өтүүсүнө жана анклавтын жашоочуларына да өлкөнүн негизги аймагына чыгып-кирүүгө бир тараптуу тыюу салган эле. Баткен облусунун тургундары ошондон бери Сохко кирбей айланып өтүүчү жолдор аркылуу катташууда. (JsA)

XS
SM
MD
LG