Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:07

Референдумга эрте добуш берилди


Референдумда эрте добуш бергендердин алгачкысы 70 жаштагы пенсионер-шахтачы, Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын тургуну Асылбек Үмөткулов болду. Ал Москва шаарындагы жалпы орусиялык көргөзмө борборунун аймагында ачылган шайлоо жайында добуш берди. Асылбек Үмөткулов бата тилеп, Кыргызстанда тартип орнотуу жана өлкөнүн түштүгүндөгү кырдаалды жөнгө салууга бардык чараларды көрүү зарылдыгын белгилеген.

Орусияда жалпысынын сегиз шаарда 10 шайлоо жайы ачылган. Алар: Москва, Санкт-Петербург, Екатеринбург, Красноярск, Челябинск, Самара, Новосибирск, Чита шаарлары. Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен билдиришкендей, бардык шайлоо жайларында эрте добуш берүү жүрүп жатат. Добуш берүү тынч маанайда, орусиялык тартип коргоо органдарынын коопсуздукту сактоо көмөгү менен өтүүдө. Бул маалыматты Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG