Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:21

Сузакта кармалган адамдардын жакындары бийликке талап коюп жатышат


“Азаттыктын” аймактык кабарчысынын айтымында, бүгүн таң эрте Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 200гө чукул аял акимчиликтин алдына чогулушту. Алар мындан бир нече күн мурда кармалган балдары менен күйөөлөрүн бошотууну талап кылып, талаптар аткырылбаса эртең, 27-июнда боло турган референдумга катышпай тургандыгын билдиришүүдө. Чогулгандар менен Акыйкатчынын Жалал-Абаддагы өкүлү Алима Аманова жолугуп, маселени чечүү үчүн дүйшөмбү күнү облус бийлигине жана комендантурасына кайрылууну сунуштады. Ошондой эле аларды тынчтыкка чакырып, тарап кетүүгө үндөдү.

Сузак районунун прокурорунун орун басары Талант Аккозиев Ош - Бишкек кан жолунда Топурак-Бел ашуусундагы ок атышууларга байланыштуу киши өлтүрдү, каракчылык кылды деген шек менен беш адам кармалгандыгын “Азаттыкка” кабарлады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG