Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:11

Чоң жыйырма дүйнөлүк экономиканы талкуулайт


Өнөр жайы өнүккөн чоң сегиздин лидерлери дүйнөлүк экономикадагы оң жылыштарды турукташтыруунун жолун талкуулашууда. Саммит Канаданын Торонто шаарынын бир ыптасындагы курортто өтүүдө.

Жыйында негизинен экономиканы стимулдаштыруу программалары менен өкмөттүк чыгымдарды кыскартуунун жолдору талкууланарын АКШлык расмий булак билдирди. Германия канцлери Ангела Меркелдин сөзүнчө, Кошмо Штаттар Евробиримдиктин бюджеттик тартыштыкты кыскартуу саясатына эч кандай каршылыгын айткан эмес.


Ишемби күнү кечинде Торонтодо өнөр жайы өнүккөн Чоң жыйырманын, анын ичинде экономикалык кубаты ылдам өсүп бараткан Индия, Кытай жана Бразилиянын лидерлеринин эки күндүк жыйыны ачылат.

XS
SM
MD
LG