Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:34

Чыр-чатактуу аймактын балдарын Ысык-Көлгө эс алууга алып келүү иштери башталды


Убактылуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Ош жана Жалал-Абад облустарынан эки авиа каттам менен жетиден он төрт жашка чейин 100 бала Бишкекке келип, алар мындан ары Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлөт. Балдар адам өлүмүнө алып келген тополоңдун чордонунан келип жаткандыктан алар менен медкызматкерлер, психологдор жана окутуучулар иштешет. Жалпысынан эки облустан мындай тизмеге 898 бала киргизилген. Балдарды алып баруу Транспорт жана коммуникация министрлигине жүктөлгөн, алардын коопсуздугун Ички иштер министрлиги камсыз кылат. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG