Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:59

Чоң сегиз Иран жана Түндүк Корея маселесин талкуулайт


Өнөр жайы өнүккөн чоң сегиздин лидерлери дүйнөлүк экономикадагы оң жылыштарды турукташтыруунун жолун талкуулашты. Саммит Канаданын Торонто шаарынын ныптасындагы курортто өтүүдө. Лидерлер бүгүн Иран жана Түндүк Кореянын ядролук программасына, ошондой эле ядролук куралдарды жайылтпоо жана эл аралык коопсуздукка байланыштуу суроолорду талкуулашат.

Жума күнү жыйында экономиканы стимулдаштыруу программалары менен өкмөттүк чыгымдарды кыскартуунун жолдорун талкууланган. Германия канцлери Ангела Меркелдин сөзүнчө, Кошмо Штаттар Евробиримдиктин бюджеттик тартыштыкты кыскартуу саясатына эч кандай каршылыгын айткан эмес.

Ишемби күнү кечинде Торонтодо өнөр жайы өнүккөн Чоң жыйырманын, анын ичинде экономикалык кубаты ылдам өсүп бараткан Индия, Кытай жана Бразилиянын лидерлеринин эки күндүк жыйыны ачылат.

XS
SM
MD
LG