Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:53

Нарын телевидениесинде эмгек жана каржылык мыйзам бузуулар орун алганы аныкталды


Мындай маалымат Нарын облустук прокуратурасынын мыйзамдардын аткарылышына көзөмөл жүргүзүү бөлүмүнүн ага инспектору Темир Мырзалымбековдон алынды. Нарын ТВсынын айрым кызматкерлерин арызынын негизинде эки айга чукул жүргүзүлгөн прокурордук текшерүү Нарын облустук теле радио компаниясында каржылык жана эмгек мыйзамын бузуулар орун алгандыгын көрсөттү. "Директор Б.Калыковго кызматтык милдеттерин так аткарбай, каржылык укук бузуучулукка жол берип, эмгек мыйзамынын аткарылышын камсыз кылбагандыгы үчүн тартиптик чара көрүү үчүн Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу Салтанат Эсенамановага расмий прокурордук сунуш берилди", -дейт Темир Мырзалымбеков.

Арыз жазган журналисттер бул чечимге канааттанбай референдум өткөндөн кийин жогору жактарга арызданмакчы болуп жатышат. (JI)

XS
SM
MD
LG