Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:47

Убактылуу өкмөттүн түштүк регион боюнча өкүлү, коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков түштүк региондогу абал, референдумга даярдык, жаңжалдын чыгышы, аны иликтөөгө байланыштуу суроолорго жооп берди.

“Азаттык”: Исмаил мырза, референдум алдында Ошто, жалпы түштүктө абал кандай болуп жатат?

И.Исаков: Ош облусу жана Ош шаарында, Жалал-Абад облусу жана Жалал-Абад шаарында бүгүнкү күнү абал туруктуу. Бирок чагым болуп калышы ыктымал. Ошого карабастан чакан базарлар, банктар, мекемелер толугу менен ишке киришип жатышат. Бирок чоң-чоң базарлар алигече Ош шаарында иштей элек. Жалал-Абадда жакшы.

Чындыгында жалпы абал жакшы. Элдин маанайы да акырындап ачылып баратат. Көпчүлүк кайгылуу окуялардан кийин “көздөрү ачылып”, көп нерсенин туура болбой калганына көзү жетип турат. Жалпы элибиздин, аксакалдардын, жаштарыбыздын, аттуу-баштуу кишилерибиздин аракети менен абал оң нукка салынып баратат десек жаңылышпайбыз.

“Азаттык”: Качкындардын добуш берүүсү үчүн кандай шарттар түзүлдү?

И.Исаков: Качкындардын добуш берүүсү үчүн колдон келген шарттардын баарын түзүп жатабыз. Көчмө үкөктөр ачылып жатат. Кээ бир үйлөрү өрттөнгөндөр мектептерде, бала-бакчаларда жайгаштырылган. Ошолорго дагы атайын шарттар түзүлүүдө.

“Азаттык”: Документтери күйүп кеткен адамдар кандай добуш бере турган болду?

И.Исаков:
Эми документтери күйүп кеткен фактылар көп экен. Бул үчүн шаарда, облуста атайын бекеттерди ачтык. Даректерин
айтканбыз. Документ алуу үчүн үй комитеттерине, квартал жетекчилерине барып, арыз берип, маалымдама алып,ошону менен паспорт столдорго келсе, ал жерде акысыз сүрөткө түшүп, акысыз күбөлүктөрдү алышат. Ал күбөлүктөр быйылкы жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болот.

Азаттык”: 10-июнда жаңжал чыккандан бери бир топ чагымчылар, кылмышкерлер кармалды деген сөздөр айтылды. Ал кылмышкерлер кайдан келген же жергиликтүү эле адамдарданбы деген суроолор турат. Генерал Суваналиев болсо үчүнчү күч болгон эмес деп жатат. Азыркы мезгилде бул жаңжалдын себеби эмнеде болгон деп айтсак болот?

И.Исаков:- Мунун себеби тереңде. Анын себептеринин бири биздеги көп жылдардан бери келаткан туура эмес саясатта. Жанагы зордук-зомбулук, кошоматчылык, туура эмес кадр саясаты ж.б. Бул бир негиз. Экинчиден, мурун мыйзамсыз жол менен байлык топтоп алгандар байлыгын, бийлигин кайра келтирүүгө аракет жасады. Үчүнчүсү, үчүнчү күчтөр тарабынан атайын даярдык менен эки улуттун ортосуна отту жагып, Убактылуу өкмөт эч нерсеге жарабай калды деп элди алдап, өздөрүнүн мурунку саясатын улантуу аракети болду. Бул иштер мурдатан даярдалганын далилген фактылар бар.Мисалы, атайын КАМАЗ автоунааларды даярдашкан, куралдардын топтошкон. Куралдардын айрымдарын биз көрсөтүп жатабыз, кээ бирлерин тергөө иштери жүрүп жаткандыктан ачык айта албайбыз. Кээ бир адамдар кармалып жатканын сиздер угуп жатасыздар.

“Азаттык”: Ошол кармалгандар ичинен чет өлкөлүк жарандар барбы?

И.Исаков: Кармалгандар ичинде чет өлкөлүк жарандар бар деп ачык айта албаймын. Ал тергөөнүн иши. Бирок ошолордун ичинде өзбектерди да аткан, кыргыздарды да атып кеткен фактылар бар.

“Азаттык”: Эмне үчүн Убактылуу өкмөт ушул кайгылуу окуяга жол берди? Эмне үчүн алдына ала албады?

И.Исаков: Биз дагы элдер менен жолугушуп жатабыз. Ал жерлерде да адамдар Убактылуу өкмөт эмне үчүн жол берди, алдын алса болот беле деген суроолорду коюп жатат.

Буга жооп иретинде дагы кайталап айтаар элем, бул биздеги бир топ жылдан бери жүргүзүлүп келген саясаттын натыйжасы. Ал шишик ооруусу акырында келип жарылгандай болуп калды. Ошондуктан баарына Убактылуу өкмөт гана күнөөлүү деш туура эмес болуп калат.

“Азаттык”: Ушундай жаңжалга жол бербеш үчүн кандай иштер жасалыш керек. Биз кандай сабак алышыбыз керек?

И.Исаков: Мунун эми жолдору көп. Мен ойлойт элем, биринчи кезекте элибиз дагы тазалануу жолуна түшүш керек. Экинчиден, кадр маселесин туура жүргүзүп, жооптуу кызматтарга билимдүү, тажрыйбалуу, таза, эл сыйлаган, эл үчүн кызмат кылган жигиттер, кыздарыбыз келсе бул туура жолго түшүүнүн башаты болмок. Үчүнчүдөн, системаны оңдошубуз керек. Мурунку система кошоматчылыкка жол ачкан система болгон. Президентти эле карап көрсөк, анын эч кандай жоопкерчилиги болгон эмес. Бирок ыйгарым-укуктары чексиз болгон.

“Азаттык”: Кыргызстанда мамлекеттик органдарды алсыздандырып жиберген жокпузбу? Бул жактан дагы чечимдер керек болуп жүрбөсүн?

И.Исаков: Албетте, бул жактан кемчиликтер көп болду. Мисалы үчүн, Куралдуу күчтөрдү негизсиз кыскартып салышкан. Бул дагы өзүнүн терс таасирин тийгизди. Мына эми көпчүлүк бул керек экен деп калышты. Кандай болгон күндө дагы биз бийликке таза адамдарды алып келсек, кудай буйурса ийгиликке жетишебиз.

“Азаттык”: Эл аралык коомчулукта Кыргызстандагы жаңжалды жөнгөрүү боюнча сунуштар чыгып жатат. Маселен, ЕККУ байкоочу полиция күчтөрүн киргизүүнү сунуштап жатат. Сиз буга кандай карайсыз?

И.Исаков: Алардын кереги жок. Биздин тилибизди, дилибизди билбеген полиция күчтөрү биздин милиция кызматкерлерин эмнеге үйрөтөт да, өздөрү кандай иш жүргүзөт? Андан көрө жардам беребиз дешсе, техникалык жабдуулар менен жардам берип, күйүп кеткен үйлөрдүн ордуна жаңы үйлөрдү куруу үчүн каражат берсе дурус болмок. Алар келе турган болсо түшүнүксүз да болуп, Кыргызстан капкан түшүп калат деген ой бар менде.

“Азаттык”: Кээ бир адамдар, өзгөчө өзбек улутундагы адамдар айтып атышты, аскер адамдары бизге каршы күч колдонду деп. Ал сөздөрдүн далили барбы? Далил болсо андай аскерлерге чара көрүлөбү?

И.Исаков:
Аскерлер атты, өлтүрүүлөргө катышты дегенге мен толук ишенбеймин. Андай сөздөр жалган. Бирок андай сөздөрдүн
чыгуусунун негиз бар. Анткени алгачкы күндөрү аскердик техникаларды, аскерлерди курчап алып, аларды барымтага алган, техникаларын тартып алган учурлар болгон. Мына ошол тартып алган техникалар менен жүргөн учурлар болгон. Мына ошолорду көрүп туруп, аскерлер бизге каршы чыкты деп жатышат. Биз ал техникаларды кийинчерээк кайра тартып алганбыз.
Анын үстүнө аскер формалар бизде базарларда ачык эле сатылып жатпайбы. Ошондуктан эки улуттун өкүлдөрү да аскер кийимдерин кийип, куралдар менен жүргөн учурлар болгон. Ошол себептен аскер кызматкерлер кошулган деген сөздөрдү айтып жүрүшөт. Бирок аскер кызматкерлери атайын кошулган деген фактыларды билбеймин. Анткени баары биздин көзөмөлүбүздө болгон.

“Азаттык”: Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун баш катчысы Николай Бордюжа 26-июнда Ошто сиздер менен жолугушуулар өткөрдү. Анда кандай маселелер көтөрүлдү жана аскердик-техникалык жардамдар качан берилет экен?

И.Исаков: Бүгүн ЖККУнун баш катчысы Николай Бордюжа келип, экөөбүз жолуктук. Абдан узак сүйлөшүүлөр болду. Мен түштүктө
болгон окуялар тууралуу маалымат бердим. Ал баарын көрүп, мага айтып калды, “тиги жакта жүргөндө Ош шаарынын 70% талкаланган деп айтышты эле. Ошко келсем баары эле жакшы турат. Имараттар бар экен, жолдор жакшы экен. Мекемелер иштеп жатат экен” деп.

Бордюжа ЖККУга кирген өлкөлөрдүн жетекчилеринин чечими тууралуу маалымат берди. Экөөбүз ЖККУнун Кыргызстанда туруктуулукту, тынчтыкты орнотуу боюнча жардамдары тууралуу сүйлөштүк. Ал, аскердик техникалар кандай жолдор менен келери тууралуу түшүндүрмө берди. Эң негизгиси, чек араны коргоо маселесин талкууладык. Анткени Ооганстанда болуп жаткан окуяларга байланыштуу кээ бир экстремисттик уюмдардын аракеттери болушу мүмкүн. Маалымат алмашуу, күнөөлүүлөрдү табуу, кылмыштарды ачуу боюнча адистер тарабынан жардам берүүнү да талкууладык. Менин оюмча, жолугушуу абдан жакшы болду. Ошондуктан ЖККУга кирген өлкөлөрдүн жетекчилерине чоң ыраачылыкты билдирсек эң туура болот.

“Азаттык”: Аскердик техникалар качан келет экен?

И.Исаков: Эми эртең-бүрсүгүнү келип калат деп сүйлөшкөн жокпуз. Себеби дегенде ар бир министрлик өзүнчө сүйлөшүп чечет. Маселен, Куралдуу күчтөр өздөрүнүн жолу менен, Ички иштер министрликтери өзүнчө чечишет.
Ошого карабастан ЖККУнун оперативдик тобу Ошто калып иштей турган болду. Ал топту генерал Бережной жетектейт. Ал өзүнүн жардамын, кеңешин берип турат.

“Азаттык”: Маегиңизге ырахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG