Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:58

Р. Отунбаева: Референдум өтөөрүнө ишенем


Мындай пикирин Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева бүгүн Ош жана Жалал-Абад облусунун активине эки шаарды кайра куруу жана өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик дирекциянын жетекчиси, Убактылуу өкмөт төрайымынын орун басары Жантөрө Сатыбалдиевди тааныштырып жатып билдирди. Бул иш чара Чукул кырдаалдар министрлигинин Оштогу имаратында өткөнүн Убактылуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Ага Убактылуу өкмөт башчынын түштүк аймагы боюнча өкүлү И. Исаков, Ош облусунун коменданты Б. Алымбеков, Жалал-Абад облусунун коменданты К. Байболов, чукул кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу Д. Чотонов, Ош облусунун губернатору С. Жээнбеков, Оштун мэри М. Мырзакматов жана башка расмий адамдар катышты. Жалал-Абад облусунун активи менен баарлашуу телекөпүрө аркылуу жүрдү.

Бул иш-чаранын жүрүшүндө Өткөөл мезгил президенти Роза Отунбаева өлкө түштүгүндөгү кырдаалды турукташтыруу максатында көргөн чаралары үчүн күч кызматтарына, укук коргоо кызматкерлерине алкыш айтты. "Бүт дүйнө коомчулугу биздин өлкөдөгү кырдаалга көз салып турат. Көптөгөн өлкөлөр Убактылуу өкмөттүн түштүк аймагындагы кырдаалды турукташтыруудагы аракетин колдоодо. Мен референдум өтөөрүнө, Кыргызстандын эли чыныгы демократиялык мамлекетти куруу жолунда бир максатта экенине ишенем", деп айтты Роза Отунбаева.

Өткөөл мезгил президенти учурда бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушууда. (SM)

XS
SM
MD
LG