Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:51

Ж.Сатыбалдиев өлкө түштүгүн оңдоо боюнча ишке киришти


Бүгүн Ош шаарындагы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин имаратында Убактылуу өкмөттүн жетекчиси Р.Отунбаева Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча дирекциясынын башкы директору Жантөрө Сатыбалдиевди жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө тааныштырды.

Иш чарага Убактылуу өкмөттүн түштүк аймагы боюнча атайын өкүлү Исмаил Исаков, Ош облусунун коменданты Бакытбек Алымбеков, Жалал-Абад облусунун коменданты Кубатбек Байболов, Өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу Дүйшөнкул Чотонов, Ош облусунун губернатору Сооронбай Жээнбеков баштаган адамдар катышышты.

Ушул тапта Р.Отунбаева бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушууда. (IJz)

XS
SM
MD
LG