Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:46

Өзбекстандан 75 миң 865 качкын кайтып келишти


Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн түштүк аймагы боюнча атайын өкүлү Исмаил Исаков бүгүн Ош шаарында бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күнү Өзбекстандын аймагында 380 чамалуу гана качкын калды. Негизинен алар ооруканада жаткандар.

“Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдрасулова өз кезегинде баш аламандык уюштурган, тартипти бузган деген сыяктуу жүйөлөр менен кармалып, убактылуу кармоочу жайларда жаткан адамдардын тагдырына кызыгып, ар кандай имиш кептердин жүрүп атканына байланыштуу укук коргоочулардын аларды көрүп чыгуу мүмкүнчүлүгү бар-жогун сурады. И.Исаков болсо каалоочуларга кармалгандарды көрүп чыгууну камсыздоого күчү жетерин билдирди. (IJz)

XS
SM
MD
LG