Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:08

Ш.Маматокторов: Ошто референдумга элдин катышуусу дурус


Бул тууралуу “Азаттыкка” билдирген “Эрк” партиясынын лидери, Конституциялык кеңешменин мүчөсү Шайырбек Маматокторовдун айтымында, Ош шаарынын Бөкөнбаев, Токтогул көчөлөрүндөгү жана түштүк-чыгыш, Черемушка кичи райондорундагы шайлоо жайларына добуш бергендер жакшы келүүдө.
“Бир катар шайлоо жайларында байкоо жүргүзүп, тополоңдо абдан талкаланган Чермушка кичи-районунда ар түрдүү улуттардын өкүлдөрү келип добуш берип жатаканына күбө болдум. Маалыматтарга караганда Өзгөн районунун Мырзаке айылында чагымчылар чаң-тополоң болот деп маалымат таратышкандыгынан улам элдин референдумга добуш берүүсү начар”,-деп билдирди Ш.Маматокторов.

Ал ошондой эле жаштардын добуш берүүгө катышуусу солгун болуп жатканын белгилеп, жаңыдан түзүлгөн Жаштар министрлиги референдумду түшүндүрүү иштерин Ошто алгылыктуу жүргүзө алышпаганын айтты.

Ал эми Жаштар министринин жардамчысы Мирлан Жукешев аталган министрлик 1-июндан баштап иштей баштаганын, алигиче кызматкерлердин штаттык биримдиги бекитиле электигин, ага карабай Ош коогалаңында жапа чеккендерге гуманитардык жардам таратып, жаштарды референдумга активдүү катышууга үндөшкөнүн билдирди. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG