Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:25

Референдумдан кийин техникалык өкмөт түзүлөт


Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн жетекчиси Роза Отунбаева Ош шаарында бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда билдирди. Анын айтымында, эгер референдум ийгиликтүү өтүп кетсе Убактылуу өкмөттөгү бир катар лидерлер парламенттик шайлоого байланыштуу кызматтарын ташташат. Ал эми Р.Отунбаева өзү мыйзамдуу шайланган президент катары шайлоо бүткөнгө чейин техникалык өкмөт түзүп, кыска аралыкта экономика үчүн кыйла жетишкендиктерге жетүүнү моюнга алат. Ошондой эле ал, эгер референдум аркылуу бийлик легитимдешип калса, өлкөнүн мыйзамдуу президенти, баш мыйзамдын гаранты катары алдыдагы шайлоонун калыс жана акыйкат өтүшүн камсыздайт.

Убактылуу өкмөттүн маалымат катчысы Фарик Ниязов маалымдагандай, учурда Убактылуу өкмөттөгү көпчүлүк референдумдан кийин кызматтарын тапшырып берүү ниетин билдиришти. (IJz)

XS
SM
MD
LG