Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:12

Жумгалда референдум комиссиясы аким кысым жасагандыгы жөнүндө арызданууда


Жумгал референдумду өткөрүү комиссиясынын жоопту катчысы Бактыгүл Абдыгулова үч күндөн бери Жумгалдын акиминин милдетин аткаруучу Арстанбек Ногойбаев баш болуп акимиаттын кызматкерлери, референдумду өткөрүү боюнча Жумгал районунун куратору Мирослав Молдалиев кошулуп, референдум комиссиясына бөлүнгөн акча боюнча маалымат берүүнү талап кылышып, кысым жасоого чейин барышканын "Азаттыкка" билдирди. А. Ногойбаев өз кезегинде референдумду өткөрүү боюнча райондук комиссиянын даярдыгын көрүүгө баргандыгын гана билдирди. Акыйкатчынын Нарын облусу боюнча өкүлү Бакыт Ырысбеков акча каражаты боюнча чын эле эки тараптын түшүнбөстүгү болгондугун маалымдады. (JI)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG