Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:56

Либерал жаштар клубу эрте шайлоолорго каршы


Бишкектеги Либерал жаштар клубу парламенттик шайлоолордун сентябрь же август айларына жылышына каршы болгон билдирүү таратышты. Билдирүүгө караганда, Либерал жаштар клубу Бишкек шаарында 4000 ашуун киши катышкан сурамжылоо жүргүзүшкөн. Ага ылайык, сурамжылоого катышкандардын көбү Убактылуу өкмөт мүчөлөрү айтып аткандай парламенттик шайлоону бери көздөй жылдырууга каршылыгын билдиришкен. Анткени, парламенттик шайлоону бери көздөй жылдыруу - шайлоочулардын көптөгөн партиялар арасынан татыктуусун тандоого болгон мүмкүнчүлүгүн азайтмакчы. “Парламенттик шайлоону шашылыш өткөрүү – мурдагы эле эски партиялардын келишин шарттап, жаңы күчтөрдүн мүмкүнчүлүгүн азайтат”,- делет билдирүүдө.

Айта кетсек, буга чейин Убактылуу өкмөттүн бир катар мүчөлөрү парламенттик шайлоолорду да тезирээк өткөрүү зарылдыгын, анткени өлкөнү дестабилдештирүүнү каалаган күчтөр көп болуп атканын айтышкан. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG