Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:10

Human Rights Watch уюму эл аралык иликтөө тууралуу айтууда


Human Rights Watch эл аралык уюму Ош жана Жалал-Абад облусунда 10-14-июнь күндөрү болгон коогалаң боюнча эл аралык иликтөө иштери жүргүзүлүшү керектигин айтууда. Аталган уюмдун Кыргызстандын түштүгүндө болгон өкүлдөрүнүн тыянганы боюнча, көптөгөн адамдардын өмүрүн алган коогалаң боюнча эл аралык иликтөө, Кыргызстандын ырасмий бийлиги жүргүзгөн иликтөөлөрдү толуктап турушу керек.

Уюмдун кандуу окуяларга байланыштуу алгачкы жыйынтыктарына караганда, 10-14-июндагы баш аламандыктарда каза болгондордун жана жаракат алгандардын көпчүлүгүн кыргыз жана өзбек улутундагы жаштар түздү. Бирок алардын арасында эки улуттун тең аялдары жана кичине балдары да бар.

Ошондой эле аталган уюм, эл аралык эксперттер көз карандысыз иликтөө жүргүзүп эле тим болбой, ырасмий бийлик жүргүзгөн иликтөөлөргө да аралашуусу керектигин айтышууда. Алардын пикиринде, мындай иликтөө жолу анын жыйынтыктарына көбүрөөк ишеним бермек.

Айта кетсек, Кыргызстандагы укук коргоо уюмдары да аталган окуялар боюнча өз иликтөөлөрүн жүргүзүп атышканын, ага эл аралык эксперттерди да тартуу керектигин айтып келатышат. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG