Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:38

Бүгүн байкоочулар бааларын бере башташат


Бүгүн “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы кечээ өткөн жалпы элдик референдум боюнча баасын беришет. Бул тууралуу аталган уюмдун Бишкектеги кеңсесинен кабарлашты.

Аталган уюм кыйладан бери шайлоолорго байкоочулук кылып келген Кыргызстандагы эң ири уюмдардын бири. Кечээки референдумда алардын миңге жакын байкоочулары Кыргызстандын бардык региондорунда болуп, добуш берүү процесстерине көз салып турушту. “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунованын айтымында, негизинен референдум мыйзам бузууларсыз өттү.

Андан башка Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Демократия жана адам укуктары боюнча бюросунун байкоочулары да бүгүң жалпы элдик референдумдун жыйынтыктары боюнча алгачкы маалыматтарын берет. Булардан тышкары ШКУнун, ЖККУнун, алыскы жана жакынкы өлкөлөрдөн келген башка байкоочулар да өз бааларын бере баштоосу күтүлүүдө. (IJz)

XS
SM
MD
LG