Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:53

Кыргызстан жаңы Конституцияны жактырды


Бул тууралуу Өткөөл мезгилдеги президент Роза Отунбаева добуш берүү аяктагандан кийин айтты. Борбордук шайлоо комиссиясы добуштардын алдын ала жыйынтыгын айтып, шайлоочулардын 90% ашууну жаңы Конституцияны жактырганын билдирди. Соңку расмий жыйынтык жакынкы күндөрү чыгарылат.

Жаңы Баш мыйзамда президенттин ыйгарым укуктары кыскарып, өлкө Борбор Азиядагы алгачкы парламенттик республикага айланышы каралган.
Быйыл апрелде мурдагы президент Курманбек Бакиев күч менен бийликтен кулатылгандан кийин куралган убактылуу өкмөт Конституцияны өзгөртүп, парламенттик шайлоону быйыл күзгө белгилеген. Ушул айда түштүктө тутанып кеткен этностор аралык кандуу кагылышуудан кийин референдумду кийинкиге жылдыруу чакырыктары да айтылган болчу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG