Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:56

Анжияндын ооруканаларындагы качкындарды кайтаруу аракети көрүлүүдө


Саламаттыкты сактоо министрлигинин ыкчам штабынын жетекчиси Касымбек Мамбетовго коомдук тартипти орнотуга кошкон салымы үчүн Ош облусунун коменданты Бактыбек Алымбековдун атынан ыраазычылык билдирилди. Мамбетов Ош облусуна түштүктөгү улут аралык кагылыш башталган биринчи күндөрү жараат алган адамдарга медициналык жардам көрсөтүү үчүн жөнөтүлгөн.

Июнь айындагы окуялардан улам Ош облусу боюнча 1581 адам медициналык жардам сурап кайрылып, 762 адам ооруканаларга жаткырылган.

Учурда Касымбек Мамбетов Анжияндагы ооруканаларда жаткан кыргыз жарандарын кайтаруу боюнча аракет көрүүдө. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. (EK)

XS
SM
MD
LG