Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:53

ЕККУ Кыргызстандагы референдумга баасын берди


Эл аралык байкоочулар Кыргызстандын убактылуу өкмөтүн өлкө түштүгүндөгү эки жумалык калабаадан кийин жалпы элдик референдумду өткөрүү үчүн жакшы шарттарды түзгөндүгүн жогору баалады. Европа Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун бүгүнкү билдирүүсүндө, 27-июндагы добуш берүү өлкө боюнча кээ бир майда кемчиликтерди эске албаганда дээрлик таза өткөндүгү айтылат. Кетирилиген мүчүлүштүктөр катары бюллетендерди саноодогу катачылыктар жана кээ бир учурдагы кайталап добуш берүүнү көзөмөлгө алчу сакчылардын жоктугу айтылат.
Ал эми Орусиянын президенти Дмитрий Медведев Торонто шаарында Кыргызстандагы парламенттик башкарууну азырынча элестете албай тургандыгын журналисттерге айтты. Кыргызстан Борбор Азиядагы 1-парламенттик башкарууга кадам таштаган өлкө болду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG