Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:39

Кытай элчиси өткөөл мезгилдин президентин куттуктады


Өткөөл мезгилдин президенти, Убактылуу өкмөттүн жетекчиси Роза Отунбаева кечээ Кытай эл республикасынын Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси Гао Юйшен менен жолугушту.

Г.Юйшен мырза Кытай бийлигинин атынан Р.Отунбаеваны референдумдун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктап, эки өлкөнүн тыгыз кызматташтыгы жана жылуу кошуналык алакасы мындан ары да өркүндөтүлөрүн белгиледи.

Өз кезегинде Р.Отунбаева Кытай тараптын кыйын мезгилде көмөк кылуу демилгеси үчүн ыраазычылыгын билдирип, экономикалык тыгыз байланышты өнүктүрүүгө, Ош жана Жалал-Абад облустарын калыбына келтирүүгө кол кабыш кылууга үндөдү. (IJz)

XS
SM
MD
LG