Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:43

Т.Сариев: Референдум ишке ашты


БШКнын алдын ала маалыматына караганда шайлоочулардын көпчүлүгү “макул” деп добуш берген. Ошондуктан жалпы элдик добуш берүүнүн жыйынтыгы жакшы болот деп ишенем. Бул тууралуу Убактылуу өкмөт башчысынын орун басары, Каржы министринин милдетин аткаруучу Темир Сариев коомчулукка жолдогон кайрылуусунда билдирди. Ал ошондой эле экономиканы көтөрүүдө, башкаруу системасын реформалоодо, Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүүдө алдыда көп иштер тургандыгын, жекшембиде өткөн референдум жаңы мамлекетти түзүүгө жасалган алгачкы кадам экендигин белгилеген.
Т.Сариев парламенттик шайлоонун мөөнөтү жарыяланары менен кызматын өткөрүп берерин билдирип, парламенттик шайлоого катышуучу Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү да кызматтарын тапшырышы керек деп эсептейт. (AJ)

XS
SM
MD
LG