Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:33

Р.Отунбаева Эл аралык Кызыл чырым комитетинин президентин кабыл алды


Бүгүн Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева Эл аралык Кызыл чырым комитетинин президенти Якоб Келленбергерди кабыл алды. Жолугушууда Р.Отунбаева Кыргызстандын түштүгүндөгү кырдаалды турукташтырууга Убактылуу өкмөттүн көргөн аракети тууралуу маалымат берди. Ошондой эле Ош, Жалал-Абад облустарына эл аралык уюмдар аркылуу келип түшкөн гуманитардык жардамдарды эптештирүү маселеси талкууланды.
Якоб Келленбергер Кыргызстанга келген гумжардамдарды натыйжалуу бөлүштүрүү маселесин чечүүгө ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн басма сөз кызматынан маалымдашты. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG