Убактылуу өкмөттүн маалымат-координациялык борбору Коомдук телекомпаниянын Байкоочу кеңешине мүчөлүккө талапкерлердин тизмесин жыйынтыктады. Үстүбүздөгү жылдын 7-майынан 7-июнга чейин талапкерлерден 59 сунуш түшкөн. Алардын 49нун документтери талапка ылайык деп табылып тизмеге киргизилди.
Убактылуу өкмөттүн 30-апрелдеги “Кыргыз Республикасында Коомдук телерадиокомпаниясын түзүү жөнүндө” Декретине ылайык Байкоочу кеңештин курамы 15 адамдан турат. Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)