Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:45

БУУнун башкатчысы өзөктүк сүйлөшүүлөрдү калыбына келтирүүгө чакырды


Пан Ги Мундун айтымында, ал Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши Иранга каршы санкциялардын жаңы айлампасын кабыл алганына карабай, ал бул өлкөнүн өзөктүк программасына байланышкан талаш сүйлөшүү жолу менен чечилишин жактайт. БУУнун башкатчысы мындай билдирүүнү Иран президенти Махмуд Ахмадинежаддын жарыясынан кийин жасады. Ахмадинежаддын айтымында, Тегеран өзөктүк программасы боюнча Батыш менен сүйлөшүүгө даяр, бирок август айынын соңунан кийин гана. Ахмадинежад ошондой эле АКШнын Борбордук чалгын кызматынын башчысы Леон Паннетанын Ирандын колунда эгер ал байытуунун жолун тапса, эки өзөктүк курал жасоого жетчидей аз байытылган ураны бар деген маалыматын четке какты.

XS
SM
MD
LG