Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:36

Ассамблея - акылдуу аргабы же амалбы?


Өткөөл мезгилдин президенти, Убактылуу өкмөт жетекчиси Роза Отунбаева мыйзамдык чечимдерди кабыл алуу үчүн өзүнчө бир ассамблея же комитет түзүлөөрүн билдирген. Мамлекет турмушундагы мындай жаңы көрүнүш бир далай күңкүл кептерге жем таштады.

Мыйзамдык ассамблея Жогорку Кеңештин ордун убактылуу басып туруучу, декреттерди чыгарган мыйзамдык орган болуп калат деп айтылууда. Анын курамына 7-апрелден кийин бийликке келген партиялардын өкүлдөрү кирет деген кеп бар. Бул тууралуу 27-июнда референдумдун алгачкы жыйынтыктарына пикирин билдирген Өткөөл мезгилдин президенти, Убактылуу өкмөт жетекчиси Роза Отунбаева билдирген.

Убактылуу өкмөттүн Аппарат жетекчиси Эмил Каптагаевдин айтымында, бул маселе азырынча такталып, жол-жоболору иштелүүдө.

- Бул өзүнчө орган болот, ага ушул Убактылуу өкмөттүн өзөгүн түзгөн саясатчылар кирет да. Ошол жөнүндө сөз болуп турат. Жогорку Кеңештин милдетин аткарып калбайт. Бирок азыр бизде мыйзам чыгаруу бийлиги жок. Бирок ошол өкүлчүлүктү бийликтин бутагы катары саясий орган керек деген ой айтылып жатат. Азыр ошол жөнүндө талкуу болуп жатат.

Исхак Масалиев
Коммунисттер партиясынын төрагасы, мурдагы депутат Исхак Масалиев ассамблеянын түзүлүшү эч бир мыйзамга туура келбейт деп эсептейт. Анын айтымында, бул бийликте калуунун гана бир жолу болууда.

- Бийлик деген абдан таттуу нерсе окшойт. Ага жеткенден кийин кетиш оңой эмес. Андан көрө уялбай эле Конституцияга 7-апрелден кийин бийликке келген Убактылуу өкмөт түбөлүктү калсын деп жазып коюш керек эле. Өздөрү кабыл алдырган Конституцияда Өткөөл мезгилдин президенти деген эле бар, ассамблея деген түшүнүк жок. Бул бир дагы мыйзамга туура келбейт.

И.Масалиев 7-апрелдеги окуялардан кийин референдумга чейин да бир гана мыйзамдуу орган Жогорку Кеңеш экенин айтып келген. Ошондой эле ал Убактылуу өкмөттүн Жогорку Кеңешти таратып жиберүүсүнө каршы пикирде.
Амангелди Муралиев

Мурдагы премьер-министр Амангелди Муралиев Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн кайра убактылуу ассамблеяга биригишин – шайлоону көзөмөлдөө аракети деп баалап жатат. Анын айтымында, керек болгон мыйзамды президент катары Роза Отунбаева өзү деле чыгарууга толук укуктуу.

- Менин жеке пикиримде кайра эле бийликти колго алабыз, шайлоо процессин көзөмөлдөйбүз деген ой болуп атат. Мисалы Роза Отунбаева өзү президент, өзү өкмөт башчы болду. Анын колунда курал бар, айрым декреттерди өзүнүн буйругу менен деле жарыялап койсо эч нерсе болбойт эле.

Орозбек Молдалиев

Бакиев бийлиги кулатылгандан кийин келген Убактылуу өкмөт соңку окуяларга толугу менен жоокперчиликти өзүнө алып, ушундай кадамдарга баргандыгын белгилөөдө. Ал эми саясат талдоочу Орозбек Молдалиев шайлоого чейин мыйзамдык иштерди карап туруучу орган зарыл деп эсептейт:

- Албетте, 7-апрелден кийин бийликке келген партиялардын эмгеги да, моралдык укугу да бар. Бул жерден бөйрөктөн шыйрак чыгаргандын кереги жок. Сунуш кылган партиялар шайлоого чейин жардам беришсин. Кеп анын аталышында эмес, бир чечимге келип мыйзамдык иштерди аткарыш керек да. Бул жакшы эле кадам деп ишенебиз.

Өткөөл мезгилдин президенти, Убактылуу өкмөт жетекчиси Роза Отунбаева президенттик кызматка расмий киришкенден кийинки алгачкы кадамдардын бири - өкмөттү түзүү болорун белгилеген. Анткени, шайлоо күнү жарыяланган убактан тартып Убактылуу өкмөттүн айрым өкүлдөрү учурда ээлеген кызматтарын таштап шайлоого кетишет. Мындай ниеттерин Азимбек Бекназаров, Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев жана Исмаил Исаков билдиришкен. Бирок ассамблея түзүлсө алар кайра декрет кабыл алууга чогулуп туруу укугуна ээ болору айтылууда.



XS
SM
MD
LG