Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:50

Өзбекстандын ооруканаларынан Кыргызстандын атуулдары алынып келүүдө


Бүгүн саат 2де Анжиян облусу менен чектеш чек ара бекетинде түштүктөгү башаламандыктан жабыркап Өзбекстандын ооруканаларында дарыланып жаткан 21 адам Ош облусундагы ооруканаларга жеткирилди. Алардын он бири октон жарадар болушкан. Аларды ооруканаларга 13 тез жардам жеткирди. Өзбекстандын ооруканаларында дарыланып жатышкан Кыргызстандагы өзбек этносундагы 180 адамды этап-этабы менен алып чыгууга 8 тез жардам унаасы дайындалды. Оорулууларды Жалал-Абаддын ооруканаларына жайгаштыруу иш-чарасы 30-июнда да улантылат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Елена Баялинова “Азаттыкка” билдирди. (AJ)

XS
SM
MD
LG