Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:19

Ырдан чыккан чыр


Өзбек ырчысы Юлдуз Усманова
Өзбек ырчысы Юлдуз Усманова

Өзбекстандын эл артисти Юлдуз Усманованын Ош коогалаңы боюнча чыгарган ырына байланыштуу Маданият министрлигинде өткөн жыйында бул ыр кыргыз коомчулугунда кыжырдануу пайда кылганы айтылды. Өзбек ырчысынын чыгармасына байланыштуу атайын эксперттик комиссия түзүлдү.

Комиссияга кыргыздын чыгаан композиторлору, министрликтин өкүлдөрү кирип, Тышкы иштер министрлигине атайын кат жолдоо көздөлүп жатат.

Fergana.ru сайтына жарыяланган Өзбекстандын ырчысы Юлдуз Усманованын Ош окуясына байланыштуу өзбектерге кайрат айтып, “кыргыздарга наалат” деп ырдаган ыры коомдо кызуу талкууну жаратууда.

Эмне үчүн бул төгүлгөн кан?
Эч бир жокпу дилиңде ыйман?
Ах, кыргызым, сатылдың арзан,
Өз берекеңди жок кылдың.
Ар нан берген колго ишенбе,
Жеңиш деп кошо кубанба.
Айт, кыргыздарда жокпу ыйман?
Карап тур, эшигибизди кагарсың,
“Бизди баккан ошол өзбек” деп.
Айласыз калганда көп ыйларсың,
Өзбек өч алса бүтөрсүң,
Керек болсо кечирим сурайсың!

Юлдуз Усманованын ырындагы бул саптар кыргыз коомчулугунда кызуу талкууну жаратууда. Ырчы Юлдуз Усманова “Азаттыктын” өзбек кызматына курган маегинде “бул ыр элдин жүрөгүндөгү жарат айыкканда гана чыгышы керек болчу, бирок кимдир бирөөлөр тарабынан интернетке жарыяланып кеткен” деп билдирген.

- Чын. Бул ырды өзүм жараткам. Эл арасындагы тиги акындыкы, бул акындыкы деген сөздөр туура эмес. Күзүндө чыгарчу ырлар жыйнагыма кошом деген даярдык менен гана ырдагам. Бирок тилекке каршы, кимдир бирөөлөр тарабынан жарыяланып кетти. Мен бул ырды топумду жаныма коюп, аны үстүнөн карап тургандай абалда жаздым. Кыргызстанда менин күйөрмандарым жок беле? Бар болчу. Эмнеге эки эл тил табыша албады? Ошого кейидим. Кыргыздар бул жаңжалды чагымчыл күчтөр уюштурду деп жатышат. Анда эмне үчүн күнөөсү жок карапайым элден өч алышат? Кыргыз эли кечирим сурашы керек. Ортодо эч кандай күнөөсү жок адамдар курман болду.

Кыргыз өнөрпоздору эмне дейт?

Көп жылдан бери өзбек ырчысы Юлдуз Усманова менен чыгармачыл жактан кызматташып жүргөн “Кыз-Бурак” тобунун жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасованын айтымында, ырчылар кайсы бир элди кемсинтип, кайсы бирин көкөлөтүп ырдаганы туура эмес.

- Элдердин ортосундагы ынтымакты чыңдап келген, айрыкча мусулман элдердин ортосундагы ынтымакты баалай билген адамдардын катарында тургандан кийин биз, ырчылар, эч качан билип-билбей туруп, бир жактуу ыр чыгарганга акыбыз да жок. Тескерисинче, эки элди ынтымакка чакырып ырдаганда Юлдуз Усманованын даңкы көтөрүлмөк. Бүгүнкү күндө бир гана кыргыздардын эмес, өзбек элинин да жинине тийип, кыжырын келтирип турган учур. Юлдуз Усманова кыргыз эли алдында кечирим сурашы керек.

Гүлшайыр Садыбакасова учурда “Өзбегим да өзүмдүкү, кыргызым да өзүмдүкү” деген элди ынтымакка чакырган ыр жаратып жаткандыгын белгиледи.

Ырчы Айчүрөк Иманалиеванын айтымында, илгертеден келе жаткан “Ырчы менен элчиге өлүм, сот жок” дегендей ырчылар элдин аброюна шек келтирбеши керек.

- Менин билишимче, ырчылар эки өлкөгө данекер болгон, эки элди элдештирген адамдар болот. Юлдуз Усманова эл аралык деңгээлдеги ырчы болгон соң мындай ыр ырдап чыкпашы керек эле деп ишенген жокмун. Эгер чындап өзү ырдаганы туура боло турган болсо анда ал биз мурда баалап уккан ырчы эмес экен. Демек биз жаңылып жүргөнбүз.

Эки элди ынтымакка чакырган ырчылар аз эмес

Укук коргоочу Азиза Абдрасулованын пикиринде, ырчылар коомдогу окуяны, жаратылыштын кубулуштарын, махабат жана достук өндүү түшүнүктөрдү ар башкача кабылдап, жүрөгүнөн өткөрүшөт.

- Ар бир ырчы чыгармачылыкка ар башка мамиле жасап келет. Биз аны ырдаба деп айта албайбыз. Тигиндей, мындай жаз деп көрсөтмө бере албайбыз. Болуп өткөн окуяларды туура чагылдырган, туура баяндап берген кыргыз акындары жок эмес. Мен Юлдуз Усманованын ырына жооп катары ырдап чыгыш керек дегенден алысмын. Тескерисинче, уяткарып, эки элди ынтымакка чакыра турган аакындар, ырчылар жок эмес деп айткым келет.

Айрыкча жаштар арасында бул ыр кызуу талкууну жаратып, чоң дүрбөлөңгө салып жатканын Маданият министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Сахиба Кадырова билдирди. Анын айтымында, “бул ыр боюнча кандайдыр бир чара көргүлө” деп Маданият министрлигине кайрылгандар көп:

- Маданият министрлигинде атайын чакырылган жыйын өттү. Бул чыгарманын тегерегинде ар кандай кырдаалды эске алып, композиторлордон, маданият ишмерлеринен турган комиссия түзүлдү. Комиссия Тышкы иштер министрлигине кат жолдогону турат. Каттын мазмунунда Өзбекстан мамлекети өзүнүн үнүн жиберүү боюнча чакырык бар. Юлдуз Усманова 2 жылдан бери Түркияда жашагандан кийин, ыр да ал жактан жаралган. Демек бул чыгарма эки мамлекеттин ортосуна эч кандай бүлүк сала албайт.

Маданият министрлигинде түзүлгөн комиссия кандай чараларды колдонооруна убакыт тараза.
XS
SM
MD
LG