Линктер

жекшемби, 19-февраль, 2017 Бишкек убактысы 20:48

Кытай менен Тайвань маанилүү соода келишимине кол койду


Бүгүн кол коюган документ - эки тарап 60 жыл мурдагы жарандык согуштан кийин ажырап кеткенден берки эң маанилүү экономикалык келишим. Келишимге кол коюу жөрөлгөсү мамлекеттик теледен түз алып көргөзүлдү. Ага ылайык, тараптар товаралардын 800дөй түрү боюнча импорттук тарифти жойот. Келишим Кытайдын эңгезердей базарына кириш үчүн Тайвандын компанияларпы үчүн өзгөчө пайдалуу. Бирок келишимге каршылар аны Кытай Тайванды кошуп алуу үчүн саясий максатта колдонууну көздөп жатканын белгилешүүдө. Кытай менен Тайвань 1949 жылы бөлүнүп кеткен. Бирок Кытай аны азыр деле өзүнүн бир бөлүгү катары эсептейт жана кокус бир тараптуу түрдө көз карандысыздыгын жарыяласа, аскер күчүн колдонорун эскерткен.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG