Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:07

Э.Байсалов: Убактылуу өкмөт бүтүндөй кетиши керек



“Айкөл Эл” партиясынын лидери Эдил Байсалов Убактылуу өкмөттү бүтүндөй отставкага кетүүгө чакырган билдирүү жасады. Анын билдирүүсүндө Убактылуу өкмөт өзүнүн тарыхый миссиясын өтөп бүттү жана эми анын ордуна элдин ишеним мандатын алган Роза Отунбаева технокарттардан жаңы өкмөт курашы зарыл деп айтылат.

“Р. Отунбаеванын башкы милдети коопсуздукту камсыз кылуу, ошондой эле эркин жана акыйкат шайлоолорду камсыз кылуу болуп саналат”,-деп баса белгиледи Э. Байсалов.

Бирок ошол эле учурда Убактылуу өкмөттүн он төрт мүчөсүнүн мыйзам чыгаруучу ассамблеяны түзүүгө камынып жатышы, Э. Байсаловдун ишениминде, мамлекеттик бийлик узурпациялоого барабар иш болот. “Легитимдүү эмес жаңы бийлик органын түзүүгө эч кандай негиз жок. Жаңы Конституциянын өткөөл жоболорунда жаңы мыйзам чыгаруучу органды түзүү каралган эмес. Убактылуу өкмөттүн ишеним мандаты аягына чыкты жана аны жасалма түрдө узартуу мүмкүн эмес. Ошондой эле курч кырдаал болуп баратса, Роза Отунбаеванын ыйгарым укуктары жетиштүү”,-деп билдирди Эдил Байсалов “Азаттыкка”. (КС)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG