Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:16

Фридом Хаус: Эски совет аймагы демократиядан тайган декаданы баштан кечирди


Баш кеңсеси АКШда жайгашкан “Фридом Хаус” уюмунун жаңы баяндамасына караганда, акыркы он жыл мурдагы Советтер бирлигинин көпчүлүк бөлүгү үчүн демократиялык башкаруу менен институттар “кедеринен кеткен декада” болду. Уюмдун баяндамасында демократиянын Балтика, Борбордук Европа, Борбор Азиянын 29 өлкөсүндөгү абалы анализденген. Баяндамада белгиленгендей, эски совет аймагынын Балтикадан башка он эки өлкөсүнүн сегизинде адам укуктарынын стандарттары, демократиялык нормалар, мыйзам үстөмдүгү жок авторитардык режим өкүм сүрүүдө. Эки өлкө: Армения менен Молдовада “жарым авторитардык система, ал эми Грузия менен Украинаныкы “өткөөл мезгилдеги аралаш система”. “Фридом Хаустун” пикиринде, мурдагы Советтер союзунун калкынын 80%ы же 221 миллиону негизги саясий укуктарынан кол жууган авторитардык тартиптин шартында жашоодо.

Ал эми Евробиримдиктин жаңы мүчөлөрү, Болгария менен Румынияны эске албаганда, демократия орното алды. Аталган эки өлкөдө тамыр жайып кеткен коррупция жана башка институционалдык көйгөйлөр али сакталууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG