Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:07

Генерал Петреустун талапкерлигин Сенаттын комитети колдоду


Дэвид Петреус бул жолугушууда: “Ооганстанда коопсуздукту камсыз кылуу вазыйпасы жергиликтүү аскерлерге жакын арада өткөрүлүп берилбейт”, - деп айтты. Ошол эле учурда ал келерки жылдын июлунан тарта Ооганстандан аскерлерди чыгарып кетүү боюнча президент Барак Обаманын планын колдой турганын билдирди. Генералдын Ооганстанда аскер күчтөрүнө жетекчилик кылуу талапкерлигин ушул аптада Сенат жактырат го деп күтүлүүдө. Ал буга чейин АКШнын жана анын өнөктөштөрүнүн аскерлерин Иракта башкарган. Азыр эми Петреус өткөн аптада иштен бошотулган генерал Стэнли МакКристалдын оордуна келгени жатат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG