Бул боюнча Кыргызстандын жетекчилигине сураныч айтылганын кечээ уюмдун жетекчиси Якоб Келленбергер билдирди. Ал арада Бириккен Улуттар уюмунун Гуманитардык иштерди координациялоо бөлүмү Кыргызстандагы улуттар аралык кагылыштан кийин там-жайынан айрылган 375 миң адам медициналык колдоого муктаж экенин билдирди.