Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:27

Р.Отунбаеванын ишке киришүү аземи 3-июнда болушу мүмкүн


Бул тууралуу “Азаттыкка” Убактылуу өкмөттүн басма сөз катчысы Фарид Ниязов билдирди. Анын айтымында, бул Борбордук шайлоо комиссиясынын даярдыгына жана референдум жыйынтыгын толук чыгарып бүтүшүнө байланыштуу болууда. Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаеванын президенттик кызматка расмий киришүү иш-чарасы чакан чөйрөдө өтүп, ага дипломатиялык миссиянын өкүлдөрү чакырылат. Ошондой эле анын убактысы жана өтүүчү орду учурда такталууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG