Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:39

Качкындар Кыргызстанга өз ыктыярлары менен келиши керек


Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысынын калкты жайгаштыруу, качкындар жана миграция маселелери боюнча жардамчысы Эрик Шварц 29-июнда Ташкенде түштүктөгү тополоңдо үй-жайын таштап качкандардын абалы менен таанышуу үчүн барган учурунда билдирген. Анын айтымында, Өзбекстандын аймагына качкандар кандуу коогалаң болгон жерге кайтып баруудан коркууда. Ошондой эле ал Кыргызстандагы абалдан кооптонуп тургандыгын белгилеген.

Ошол эле учурда Кыргызстандын Убактылуу өкмөтү тополоңдо качкандардын 100 миңге чукулу кайра кайтып келгенин, алардын коопсуздугу көзөмөлдө экенин айтышууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG