Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:53

Саясий партиялардын Кодексин түзүү сунушталууда


Мындай сунушун “Акыйкат” республикалык партиясынын лидери Аликбек Жекшенкулов Убактылуу өкмөт жетекчисинин орун басары Өмүрбек Текебаев менен болгон жолугушууда билдирди. Ал кээ бир партиялар өздөрүнүн үгүт иштерин жүргүзүп баштаганына нааразы экенин айтты. Анын айтымында, айрым чиновниктер өз кызыкчылыктарын ойлоп, башкаларга кысым көрсөтүүдө.

Ө.Текебаевдин саясий партиялардын өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунда төрт маселе каралууда. Алар: шайлоо мөөнөтү, шайлоо учурундагы кошумча тизме, депутаттардын саны жана партиялардын каржылык фонду. Ага ылайык мурда каржылык фонд 100 млн. сом болсо, азыр муну 50 млн. сомго кыскартуу каралууда. Ошондой эле Шайлоо кодексине өзгөтүү киргизүү зарылбы, жокпу деген маселе талкууланууда. Жыйынга 30га чукул партия өкүлдөрү катышууда. Кыргызстанда расмий 100дөн ашуун партия катталган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG