Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:41

А.Момунтаева Таластагы шайлоо комиссиясынын ишине нааразы


Талас облусунун акыйкатчысы Арзыкан Момунтаеванын пикиринде, Таластагы шайлоо комиссиялары үчүн кайра-кайра окуу өткөргөнү менен алар референдумда тиешелүү деңгээлде иштей алышкан жок. Укук коргоочунун айтымында, шайлоо комиссияларынын 90 пайызы референдум аяктаган соң санактын пайыздарынан жаңылышкан. Облуста референдумду өткөрүү боюнча комиссиясынын башчысы Жантөш Жусупбеков мындай кемчилик шайлоо комиссияларына жаңы мүчөлөр алынганына байланыштуу болгонун белгилеп, кийинки шайлоодо баары так болот деп кепилдик берди.

Талас облусу боюнча референдумга 100 миң 949 шайлоочу катышкан. Анын ичинен 100 миң 54 шайлоочу референдумда “макул” деп добуш берсе, 414 шайлоочу Баш мыйзамдын жаңы долбооруна каршы болушкан. Жалпысынан облус боюнча 84,6 пайыз шайлоочу референдумга катышкан. (UA)

XS
SM
MD
LG