Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:15

“Республика” партиясы ишин баштады


Анын лидери Өмүрбек Бабанов бүгүн маалымат жыйын өткөрүп, жаңы партиянын иш-аракеттери, максаты туурасында айтып берди. Ал Кыргызстан эли бөлүнбөй тынчтык, биримдик деген бир туунун алдына чогулушу керектигин айтты. Ө.Бабанов кыйын кырдаалда четте туруп, кайдыгер мамиле кылууну чыккынчылык жана кечирилгис деп баалады. Ошондой эле “Республика” - коомдук позитивдүү, курч маселелерди талкуулоодон качпай, ачык айта турган партия болорун кошумчалады.

Өмүрбек Бабанов Жогорку Кеңештин III чакырылышынын депутаты болгон (2005-2007). 2007-жылдагы парламенттик шайлоодо Социал-демократтар партиясынын тизмеси менен ат салышып, бирок Роза Отунбаеванын пайдасы үчүн депутаттык мандаттан баш тарткан. 2009-жылы 26-январда Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министрлигине дайындалган. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG