Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:35

Түркия президенти Роза Отунбаеваны куттуктады


Бүгүн Түркия президенти Абдулла Гүл Кыргызстандын өткөөл мезгилдеги президенти Роза Отунбаевага куттуктоо катын жолдоп, татаал кырдаалда белгиленген референдумдун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады. Ошондой эле ал Кыргызстандын ачык келечегине ишенерин, өлкөдө коопсуздук чаралары көрүлөөрүн жана бул эл аралык коомчулук тарабынан колдоого алынарын белгилеген. Ушундай эле мазмундагы куттуктоо Түркиянын прмьер-министри Режеп Тайып Эрдогандан да келип, ал эки өлкө ортосундагы бекем жана ырааттуу мамилелерге ылайык Түркия мындан ары Кыргызстанга ар тараптуу жардамын улантарын билдирген. Бул туурасында Убактылуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты. (КЕ)

XS
SM
MD
LG