Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:07

Евробиримдик евромейкиндикке талапты күчөтөт


Евромейкиндикке мүчө өлкөлөр бюджеттик тартыштык боюнча норманы сактабаса, Евробиримдиктин орток фондун пайдалануу укугунан ажыратылууга жана фондго күрөөгө аманат акча салууга тийиш. Мындай сунушту Еврокомиссия жасады. Сунуш Биримдикте Грекиядагыдай финансылык кризисти болтурбоо жана финансылык тартипти бекемдөө максатында жасалды. Сунушту эми Евробиримдиктин финанансы министрлери дыкат изилдеп чыгышат. 30-июнда Европа Борбордук банкы евромейкиндиктин коммерциялык банктарына үч айга 132 миллиард евро насыя берет. Бул мурда убада кылынгандан аз сумма. Евроакчаны 16 өлкө пайдаланат.

XS
SM
MD
LG