Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:43

76 жаштагы тележурналист Ларри Кинг пенсияга чыгат


Америкалык атактуу тележурналист Ларри Кинг Си-Eн-Eн телеканалынан көрсөтүлчү “Larry King Live” деп аталган автордук программасын күздө биротоло токтотот. Береги программаны Ларри Кинг 25 жыл бою алып барып жүргөн. 76 жаштагы тележурналисттин сөзүнчө, ал эми убактысын көбүн үй-бүлөсү менен өткөрүүнү каалайт. Бирок ал маал-маал Си-Eн-Eнде атайын программаны жүргүзүшү ыктымал экенин белгилей кетти. Ларри Кингдин түрдүү тармактарда иштеген көрүнүктүү инсандар менен өткөргөн шоу-программасы бир адам узак алып барган көрсөтүү ирети Гинесстин рекорддор китебине да кирген.

XS
SM
MD
LG