Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:24

"Газпром" Белоруска карыз экенине ынанды


Ырасмий Минскинин билдиришинче, Россиянын өкмөттүк “Газпром” компаниясы Белоруска газ транзити үчүн 32 миллион доллар бересеси бар экенин мойнуна алган. Белорус премьер-министринин биринчи орун басары Владимир Симашканын өлкө парламентинде айтканына караганда, “Белтрансгаз” жана “Газпром” бейшемби күнү жаңы келишимге кол койгон. Ага ылайык, “Газпром” Белорус аркылуу ташылып өткөн 1000 куб метр газ үчүн 1, 88 доллар төлөмөк болгон. “Газпром” жума күнү Белорус менен газды ташуу боюнча кошумча келишимге жакында кол коюларын билдирген.

XS
SM
MD
LG