Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:08

Башкы прокуратура Наримандагы операция боюнча билдирүү таратты


Башкы прокуратура тараткан маалыматка ылайык, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Нариман айылында 21-июнда жүргүзүлгөн тазалоо операциясы кечиктирилгис чара болчу.

Анткени 10-июнда башталган Оштогу башаламандыктардын шары менен Нариман айылында да массалык кагылышуулар болуп, жаракат алгандар, каза болгондор чыккан.

13-июнда Нариман айылына барган Кара-Суу районунун Ички иштер бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги Адылбек Султанов менен анын айдоочусу, милиция кызматкери Уран Шамурзаевге белгисиз бирөөлөр кол салышкан. Натыйжада А.Султановдун денеси өрттөлгөн, У.Шамурзаевдин денеси башы жок абалда табылган. 12-июнда болсо ошол эле айылдан белгисиз бирөөлөр Салык кызматынын инспектору А.Сейитовду өлтүрүп кетишкен.
10-июндан баштап 21-июнга чейин Нариман айылын тургундары айылга кирген жолдорду тосуп, күч органдарына куралдуу каршылык көргөзүп туруп алышкан. Натыйжада 21-июнда милиция жана аскер күчтөрү күч колдонуп, Нариман айылы куралдуу адамдардан тазаланган.

Тазалоо операциясы учурунда жаракат алган эки адам ооруканада көз жумушкан. 21-июндан тарта Нариман айылынан ооруканага 39 адам кайрылып, алардын тогузу ооруканага жаткырылган. Ал эми Наримандагы адам өлтүрүүлөр жана курал-жарактардын табылышы боюнча кылмыш иштери козголуп, тергөө-иликтөө иштери уланууда. (IJz)

XS
SM
MD
LG