Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:54

Апрель ыңкылабында шейит кеткендердин жакындары партия түздү


6-7-апрелде шейит кеткендердин жакын туугандары “Мекен баатырлары” деген аталыштагы партия түздү. Бул тууралуу “Мекен шейиттери” кыймылынын жетекчиси Арстан Сагындыков маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, шейит кеткендердин жакындары бийликке барууну эмес, демократиялык мамлекетти куруу үчүн каза болгон балдарынын максаттарын ишке ашырууну, укуктук мамлекетти түзүүгө жигердүү катышууну көздөйт.

Ал ошондой эле жаңы түзүлгөн “Мекен баатырлары” партиясы алдыдагы парламенттик шайлоого катышар-катышпастыгын партиянын мүчөлөрү чечерин, учурда 1 миңге чукул тарапкерлери бар экендигин белгиледи. 6-7-апрелдеги элдик ыңкылапта Ак үйдөн атылган октон 80ден ашуун адам каза болгон. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG