Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:37

Ош, Жалал-Абаддагы кыйраган турак-жайлар иликтенүүдө


Ош шаарында жалпысынан өрттөнүп, кыйраган 506 турак-жай жана обьектилер катталып, алардын 90 пайызы калыбына келбей тургандыгы аныкталды. Июнь айындагы тополоңдо Ош шаарынын чет-жакасындагы айылдардагы жана Жалал-Абад шаары менен Базар-Коргондогу талкаланып, өрттөлгөн турак-жайлардын так санын азырынча айтуу кыйын экендиги жана алдын-ала жыйынтык июль айынын ортолорунда чыгаары эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана Убактылуу өкмөттүн социалдык маселелер боюнча координатору Элмира Ибраимова менен Өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу Дүйшөн Чотонов катышкан бүгүнкү жыйында айтылды.

Ошондой эле Ош, Жалал-Абадды калыбына келтирүүгө ички жана эл аралык уюмдардан бөлүнүүчү каражатты көзөмөлдөй турган Түштүк аймактык координациялык борбор менен Маалыматтык банк түзүү сунушталды. Жыйын ушул тапта уланууда. (AJ)

XS
SM
MD
LG