Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:00

Жаш гимнасттар Түркиядан байгелүү кайтышты


Көркөм гимнастика боюнча Түркиядагы Стамбул шаарынын II кубогу үчүн эл аралык мелдеште Бишкектин Октябрь районунун балдар жана өспүрүмдөрүнүн спорт боюнча атайын мектебинин тарбиялануучулары 11 жаштагы Мария Макарова I орунду, 9 жаштагы Эркинай Көлбаева VI орунду ээлеген. Дагы бир жеңүүчү Бишкектеги №13 мектебинин 3-классынын окуучусу Ишембаева Саадат Максат кызы VI орунду ээлеп, европалык машыктыруучулардын купулуна толгон. Эл аралык мелдешке Грузия, Болгария, Сирия, Эстония, Украина, Түркиянын жаш спортчулары катышты. Бул тууралуу алардын машыктыруучусу Лилия Ильясова “Азаттыкка” билдирди.

10 жаштагы Ишенбаева Саадат Максатбек кызы былтыр Алма-Атадагы Казакстандын экономикалык менежмент жана анализдөө институтунда өткөрүлгөн окуу жайлар аралык спорттук оюндар боюнча олимпиадада көркөм гимнастика боюнча экинчи орунду ээлеген. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG