Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:30

Бразилия менен Нидерландиянын курама командалары беттешет


Футбол боюнча Түштүк Африкада өтүп жаткан дүйнөлүк чемпионатта бүгүн чейрек финалдык оюндар болот. Бразилия менен Нидерландиянын курама командалары беттешет. Бразилия дүйнөнүн беш жолку чемпиону. Бирок нидерланд футболчулары буга чейинки чемпионаттарда бразилиялык атаандаштары менен үч жолу беттешип, эки жолу утуп алган.

Уругвай Гана менен ойнойт. Уругвай чейрек финалга чыккан Түштүк Америкалык төрт команданын бири. Гана мелдештен чыга элек жалгыз африкалык команда.

XS
SM
MD
LG