Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:15

Генерал Петреус Ооганстанга келди


Америкалык генерал Дэвид Петреус бүгүн Ооганстанга келди. Апта башында Конгресс генералды бир добуштан Ооганстандагы АКШ жана НАТО аскерлеринин командачысы кылып бекиткен.

Мурдакы командачы, генерал Стэнли МакКристал АКШлык журналдардын биринде анын жана жардамчыларынын Ак үйдү кемсинте сындаган сөздөрүн жарыялагандан кийин өз ыктыяры менен кызматынан кеткен.

Ирактагы согушта өзүн мыкты аскер башчы катары көрсөткөн Дэвид Петреус быйыл жайда Ооганстанда согуш күчөөрүн эскерткен.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG