Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:33

3-июлда Р.Отунбаева Кыргызстан элине расмий ант берет


БШК 27-июндагы жалпы элдик добуш берүүнү тааныган токтом кабыл алды. Кыргызстан элинин добуш берүүсүнүн жыйынтыгында жаңы Конституция кабыл алынып, күчүнө кирди. Анда Убактылуу өкмөттүн “Өткөөл мезгилдеги Кыргыз Республикасынын президенти жөнүндө” Декретин бекитүү көрсөтүлгөн. Ага ылайык БШКнын токтомунда Роза Отунбаеваны Кыргыз Республикасынын президенти катары каттап, төш белгисин, күбөлүгүн жана президенттин туусун тапшыруу айтылат. Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда Р.Отунбаева 3-июлда саат 10до Улуттук филармониянын чоң залында Кыргызстан элине ант берип, Кыргыз Республикасынын президенти кызматына расмий киришет. Бул салтанат телеканалдарда түз көрсөтүлүп, улуттук үналгыдан уктурулат. (AJ)

XS
SM
MD
LG